БАЛДАРДЫ ЭМГЕКЧИЛДИККЕ ТАРБИЯЛОО ИДЕЯСЫНЫН КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ООЗЕКИ АДАБИЯТЫНДА ЖАНА ЫРЧЫЛАР ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫНДА ЧАГЫЛДЫРЫЛЫШЫ

Опубликовано в журнале: Научный журнал «Интернаука» № 7(183)
Рубрика журнала: 11. Педагогика
DOI статьи: 10.32743/26870142.2021.7.183.252464
Библиографическое описание
Ташбаева Г.А. БАЛДАРДЫ ЭМГЕКЧИЛДИККЕ ТАРБИЯЛОО ИДЕЯСЫНЫН КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ООЗЕКИ АДАБИЯТЫНДА ЖАНА ЫРЧЫЛАР ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫНДА ЧАГЫЛДЫРЫЛЫШЫ // Интернаука: электрон. научн. журн. 2021. № 7(183). URL: https://internauka.org/journal/science/internauka/183 (дата обращения: 26.04.2024). DOI:10.32743/26870142.2021.7.183.252464

БАЛДАРДЫ ЭМГЕКЧИЛДИККЕ ТАРБИЯЛОО ИДЕЯСЫНЫН КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ООЗЕКИ АДАБИЯТЫНДА ЖАНА ЫРЧЫЛАР ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫНДА ЧАГЫЛДЫРЫЛЫШЫ

 

Ташбаева Гүлмайрам Абдиашимовна

Кыргыз-Өзбек университетинин окутуучусу,

Кыргызстан, Ош

 

ОТРАЖЕНИЕ ИДЕИ ТРУДОВОГО ВОСПИТАНИЯ ДЕТЕЙ В УСТНОЙ ЛИТЕРАТУРЕ КЫРГЫЗСКОГО НАРОДА И  В ТВОРЧЕСТВЕ ПОЭТОВ-ПЕСЕННИКОВ

 

Ташбаева Гүлмайрам Абдиашимовна

преподаватель Кыргызско-Узбекского университета,

Кыргызстан, г.Ош

 

АННОТАЦИЯ

Бул илимий макалада кыргыз элдик педагогикасындагы ата-энелердин балдарды эмгекти сүйүүгө тарбиялоо идеялары талдоого алынды. Кыргыздардын көчмөн турмушу, жоокерчилик заман жаш балдардын дене-боюнун чың, эмгекке берилген инсан болушун талап кылган. Мына ошол ата-энелердин балдарды тарбиялоодогу ыкмалары, каражаттары макалада көрсөтүлдү. Кыргыз элдик тарбиялоо салтында оозеки чыгармачылык өзгөчө мааниге ээ болгон, манасчылар жана элдик акындар табигый тарбиячылар болгон. Мына ошол салттуу үй-бүлөнүн балдарды эмгекчилдикке тарбиялоо идеялары бүгүнкү күн үчүн да актуалдуу болуп саналат.

Макалада мына ушул проблемалар тууралуу сөз болот.

АННОТАЦИЯ

В данной научной статье анализируются идеи трудового воспитания детей родителями в народной педагогике Кыргызстана. Кочевой образ жизни киргизов, военная эпоха, требовала от маленьких детей хорошей физической формы и трудолюбия. В статье описаны методы и способы родителей в воспитании детей. В киргизской традиции народного образования устное творчество имело особое значение, прирожденными воспитателями были манасчы и народные акыны. И именно идеи традиционной семьи о трудовом воспитании детей актуальны сегодня.

В статье речь пойдёт об этих вопросах.

ABSTRACT

This scientific article analyzes the ideas of parents in the folk pedagogy of Kyrgyzstan on the education of children to love work. The nomadic lifestyle of the Kyrgyz, the war era, demanded good physical shape and hard work from young children. The article describes the methods and tools of these parents in raising children. In the Kyrgyz traditions of public education born oral creativity of a particular importance, manaschi and folk akyns. The ideas of this traditional family of raising children for hard work are still relevant today.

This article discusses these issues.

 

Ачкыч сөздөр: эмгекке тарбиялоо, эмгекчилдик,  элдик педагогика, салттуу үй-бүлө, кыргыз үй-бүлөсү, оозеки адабият, акындар чыгармачылыгы.

Ключевые слова: трудовое воспитание, усердие, народная педагогика, традиционная семья, кыргызская семья, устная литература, творчество акынов.

Keywords: labor education, hard work, folk pedagogy, traditional family, Kyrgyz family, oral literature, poetry.

 

Эмгек – бул бардык жыргалчылыктардын, бактылуулуктун башаты. Ошону үчүн кыргыз элинде эмгекке, эмгекчилдикке тарбиялоо тууралуу жүздөгөн макал-ылакаптар бар. «Эмгектин наны таттуу, жалкоонун жаны татуу» деген макалда эмгек кылуу аркылуу гана нан келе тургандыгы, ошол нанды эмгек менен тапсаң таттуу болору айтылат. «Эмгеги аздын өнмөгү аз» деген макалда адамды мал-мүлккө, бактыга, байлыкка жеткире турган нерсе – эмгек гана экендиги насаатталат. «Эмгегиң менен элге жак, кор кылбай асыл жанды бак» дегенде адам өзү кор болбой, башкага көз каранды болбой жашашы үчүн, жанын багышы үчүн керектүү нерсе – эмгек экендиги баяндалып, элге жагуунун жолу да – эмгек кылуу экендиги белгиленет.

Мындай элдик макалдарда түздөн-түз эмгекке үндөө, чакырык таштоо идеялары берилет, мисалы, «Эмгек жокко жеткирет, эрикпей кетменди алгын колуңа» [1].

Ушул сыяктуу макалдар-ылакаптар балдарды тарбиялоо үчүн күчтүү сөз куралы катары колдонулган, ата-энелер аларды балдарына айтып, алардын кулагына сиңдирип турган жана муундан муунга сөз байлыгы катары мурасталган.

«Манас» эпосунда бала Манас тарбиясыз болуп жатканын байкалган кезде атасы Жакып менен энеси Чыйырды аны эмгекке тарбиялоо керектигин түшүнөт да, Ошпур деген койчусуна берет. Бул хандын баласын койчуга берүү аны эмгекке бышыруу, тамак-аш кайдан келерин, аны табуу кандай кыйын болорун түшүнсүн дегени. Ошпур Манасты эмгек аркылуу, тагыраак айтканда, койчулук аркылуу тарбиялат, анын баатыр жана лидер инсан катары калыптануусунда Ошпурдун ошол тарбиясы чоң мааниге ээ болгон. Кийин ал Мажик аттуу досу менен суусу жок дың жерди өздөштүрүп, ал жерге арык казып келип, суу сактагач куруп, эгин эгип, сары өзөк талдан буурусун жасап, жер тилип, мээнет кылып, ошол эгинине Аккула атын айырбаштап алат.

Мына ушул Манас атабыз да кой баккан, дыйканчылык кылган, эгин эгип, суу сугарган, буурусун тарткан деген эпостогу идея кийинки көптөгөн муундардын эмгек тарбиясын алуусуна өбөлгө, үлгү болгон.

Чыңгыз Айтматов мындай деп айтат: «Балалык жана жаштык доорумда кыргыз элдик оозеки адабиятына өлчөөсүз чоң карызмын. Ар кыл аймактын өзүнө гана таандык үрп-адаттарына ылайыкташкан оозеки адабияттын опсуз күйөрманы элем. Булардын баары өз кезегинде адамдарга ырахат тартуулап, жашоолоруна шаң кошкондур. Кийин мен элдик каада-салт, жөрөлгөлөрдөгү, ырлардагы философияны, ишенимдерди, үмүттөрдү, максаттарды, табият менен болгон тыгыз байланышты таба алдым. Алар кандайдыр бир чакырык, бир ишти тапшыруу жана адамзаттын түбөлүк өктөлүү өмүр парздары болуп саналат.

«Эгин эккендеги айтым» мен үчүн кандайдыр бир ыйык дуба, азыркыча айтканда, манифест. Аталарыбыз өзүлөрүнүн бул дүйнөдөгү парзын ушул элдик айтым аркылуу туюшса жана туюнтушса керек. Мен үчүн ата мурастарынын баары кундуу да, куттуу да ыйык таберик.

Азыркы мезгилде эгиндин нан болгонго чейинки мээнетин ким билет да, ким туят? Же нанга жетүүгө жан үрөгөн адамдардын эмгегин ким билип, ким баалай алат?

Ооба, нан белгилүү бир суммадагы акчадан улам сага берилүүчү нерсе, аны дүкөнгө акчаңды санап өткөрүп, ошого айырбаштап аласың. Байыркы кыргыз дыйканынын эгин бастыргандагы айтымын эшит да, анын өз кесибине байланыштуу бардык маалымат камтыганына оозуң ачылсын, анын канчалык даражада көрөгөч, тубаса билимдүү экенин эшите бер, бурадар...

Же ашуу алдындагы айтымда, же шамалга кайрылуудагы элдик нускада не деген философия уюп жатат? Бүгүнкү окурмандар табияттын адам рухуна болгон таасирин анча деле капарына албай, күнүмдүк жашоосунан ал ыйык казынаны түртүп, оолактатып салгандай. Ошондонбу, алар өткөндөгү ата-бабалардын акыл-оюнда, парасатында не деген нерселер жашырылып жатканы менен иши болбой калгандай...» [2, 152-153].

Өткөн кылымдын 30-жылдарында Таластын Шекер айылында салттуу кыргыз үй-бүлөсүндө чоңойгон болочоктогу жазуучу мына ушундай пикирлерин айтып жатат. «Эгин эккендеги айтым» деген жогорудагы элдик чыгармада эгин сээп жаткан дыйкан топуракка таштаган колундагы ар бир үрөнүн бири – курт-кумурскага, бири – жетим-жесирлерге, бири – карып-мискинге, бири – канаттууларга, анан – сурамчыга, тилемчиге деп, кайрымдуулугун көрсөтөт. Кыргыз дыйканы дан эгинден түшүм алууда эмгегин өзү үчүн гана жумшабайт, жан-жаныбарларга, кушка, коёнго, сурамчы-тилемчиге  ж.б. жандууларга да жумшайт, аны үчүн арам чөп койбой отойт, арыгын кенен чаап, сугарат.

Кыргыз элинде «Иттин доолдай тиктирем дегени» аттуу тамсил айтылып келген, аны Тоголок Молдо иштеп чыгып эл арасына кеңири тараткан. Мына ошол тамсилде ит кышында суукта калып, музда жатып, аябай үшүйт, ошондо ал жай болсо өзүмө бир доолдай чепкен тиктирип албасамбы дейт, жай болгондо баягы кыштагы убадасы эстен чыгып, көлөкөлөп, «чепкен чыгып эсинен, керилип жатып алат». Мына ошолорго карата агартуучу акын «Жалкоонун жайы ушундай, жайкалып уйку салыптыр» деген мораль айтат. Кыргыздарда ошону үчүн жалкоо кишилерге карата «Доолдай тиктерем деген иттей болбогула» деген ылакап сөз ибаратталып айтылып келет.

«Тарбия ишине чоң азык-көрөңгө, омок болуп берчү дагы бир байлык, бул – этникалык маданияттын казынасы, - деп айтылат «Кыргыз Республикасынын жарандарын, жаш муундарын рухий-адептик, патриоттук жактан тарбиялоо концепциясында». – Улуттук салт-санаабыз ал маданияттын жүрөгү. Калкыбыздын боз үйү, түркүн буюмдарга чөгөрүлгөн, түшүрүлгөн не бир керемет оюулар менен кыял-көчөттөр дүйнөдө сейрээк кездешкен эстетикалык сулуулук экендиги бардыгына маалым. Кыргыз кийимдери да улуттук колоритке эгедер. Калк зергерлеринин, уздарынын, жез оймокторунун, усталарынын колунан бүткөн буюмдар, жасалгалар өзүнүн ажайып кооздугу жана чеберчилиги менен илгертен Туран аймактарында даңкталып келген. Көз жоосун алган алтын-күмүш билерик, шакектерди, керемет кемер курларды, жаркыраган жүгөн-куюшкандарды, койкойгон ээрлерди, колодон жасалган кумураларды, «шиберге койсо өрт кеткен, шилтегени мүрт кеткен» кылычтарды кимдер таңданып карабаган! Археологиялык казуулардан табылып, дүйнөгө белгилүү болгон алтындан уютулуп жасалган бугу, куш, жейрен алган илбирс сыяктуу көркөм эстеликтер жалаң эле байыркы сактарга эмес, кыргыздарга да тиешелүү болгон. Кыскасы, элдин байыртан өнүгүп келген керемет кол өнөрчүлүгү, материалдык маданияты, прогрессивдүү, гумандуу салт-жөрөлгөлөрү Борбордук Азия аймагындагы уникалдуу феномен. Мындай өнөргө эгедер ата-бабаларыбыз менен кийинки тукумдар сыймыктанууга акылуу жана ошондой эле, бул өнөрдү унуткарбай татыктуу улантууга, өстүрүп-өнүктүрүүгө милдеттүү. Этникалык маданият – тарбия булагы. Тарыхый маалымат боюнча байыркы кыргыздардын өзүнүн цирки, эки жүздөн ашык элдик оюндары болгон. Ал оюндардын бир тобу (ордо, көкбөрү, кыз куумай ж.б.) азыр да эл арасында ойнолуп, өзүнүн кайталангыстыгы менен кимдин да болсун көңүлүн бурат. Ал эми кымыз, бешбармак баш болгон, жүздөгөн түркүн тамак-аштын атын камтыган кыргыздын кулинардык искусствосу бүгүн үйрөнүүнүн объектиси, пайдалануунун предмети болууга тийиш. Бул фактылар кыргыздардын бай маданияты бар, канат-бутагы жайылган түптүү журт экенин айгинелейт. Түптүү журттун көөнөрбөс көптөгөн элдик оюндары менен, тамшанткан ашкана даамдарын ойной, жасай билүү өнөрүн өздөштүрүү муундардын социалдашуусуна өзүнчө этномаданий колоритти киргизип, улуттук аң сезимдин дагы да бекемделишине сүрөө болмок. Кыргызстандын элдеринин этникалык маданияты – тарбия мазмунунун ажырагыс элементи» [3].

Мына ушундай этникалык маданияттын ажырагыс бөлүгү болгон «Манас» баштаган элдик эпостор, бир сабына тарбиялык чоң маанини батырган макал-ылакаптар, балдардын акыл-эс эмгегин ишке салган табышмактар менен жаңылмачтар, жомоктор, санат-насыят ырлары эл турмушунун ажырагыс бөлүгү болуп, алар аркылуу эмгекчил болуу идеясы көтөрүлгөн.

Токтогул Сатылганов адамдарды ак иштөөгө, мал багууга үндөгөн. Акын «Насыят» деген ырында мындай дейт:

Дениң соодо, эринбей,

Бекерликке берилбей,

Эркиң менен жумуш кыл

«Эринчээк», «жалкоо» дедирбей.

Андан ары «Эч оокатың болбосо, эгин айдоо жер керек» деп эмгектин түрлөрүн да айтып өтөт. Эмгектин дагы бир формасы акындын айтуусунда – «кулак байлоо, жер жибитүү». Т.Сатылгановдун интерпретациясында эмгектенүү бул – жашоонун булагы, ошону үчүн эмгектенүүгө мүмкүнчүлүк бар кезде күнүмдүктү ойлобой иштеп калуу керек.

Күчүң барда иштеп көн,

Күлүп, жайнап, эр жигит,

Күнүмдүктү ойлобой,

Кулак байлап, жер жибит.

 

Түрүнүп иштеп эр жигит,

Тишиң барда таш чайна.

Ирээтиңди түзөтүп,

Иштебесең, аш кайда?

Эгин айдап, чөбүң чап

Эмгегиңден пайда тап.

Азамат болсоң, ак иштеп,

Аздыр-көптүр малың бак!

Эгин айдап, жакшы бак,

Жазында чыгат жалтылдай,

Кампадан ашып, кап толот,

Баасы кызыл алтындай.

Карды тойбойт адамдын,

Кайрат менен иш кылбай [4].

Токтогул Сатылганов сыяктуу элдик ырчылардын эмгектин пайдасын көрсөткөн, эмгектенүүгө чакырган ырлар кыргыз оозеки адабиятынын кенчинде өтө көп болуу менен андагы идеялар – эмгектенүү аркылуу адамдарды гуманизмге, мекенчилдикке үндөө. Адамгерчиликтин башаты – эмгектенүүдө, мекенди сүйүүнүн башталышы да – эмгектенүүдө.

Дал ушундай элдик акындар элдик педагогдор катары карапайым калкты эмгек кылууга, элди-жерди эмгек менен өзгөртүүгө чакырык таштаган.

 

Адабияттардын тизмеси:

  1. Макал-лакаптар. «Эл адабияты» сериясынын 10-тому. [Текст] / Түз.: Ж.Койчуманов. А.Акматалиевдин жалпы редакциясы менен. – Б.: «Шам», 2001. – 197-198-бб. 208 б.
  2. Айтматов Ч. Балалыгым [Текст] / Ч.Айтматов. – Стамбул, 2003 – 152-153-бб.
  3. Ж.Т.Каденова. Баатыр болуучу баланын төрөлүшүнө байланыштуу элдик педагогикалык түшүнүктөр. Кыргыз билим берүү академиясынын кабарлары, – Бишкек,  2017. – №1 (41). – 92-96-бб.
  4. Кыргыз Республикасынын жарандарын, жаш муундарын рухий-адептик, патриоттук жактан тарбиялоо концепциясы [Текст] // Кутбилим, 2010. – 20-авг.
  5. Сатылганов Т. Насыят. // https://kg.tyup.net/toktogul-satylganov-nasyyat-1454
  6. Ж.Т.Каденова. «Кыргыз эл педагогикасында балалуу болуу тууралуу идеялар» ОшМУнун жарчысы – Ош, 2017– №1 -  53-56-бб.