РЕЧЕВЫЕ СТРАТЕГИИ В ИНТЕРНЕТ-ПРОСТРАНСТВЕ, ИХ ВИДЫ

Опубликовано в журнале: Научный журнал «Интернаука» № 40(263)
Рубрика журнала: 9. Междисциплинарные исследования
DOI статьи: 10.32743/26870142.2022.40.263.346645
Библиографическое описание
Каденова Ж.Т., Шарабидин к.Э., Мамарасул к.М. РЕЧЕВЫЕ СТРАТЕГИИ В ИНТЕРНЕТ-ПРОСТРАНСТВЕ, ИХ ВИДЫ // Интернаука: электрон. научн. журн. 2022. № 40(263). URL: https://internauka.org/journal/science/internauka/263 (дата обращения: 25.04.2024). DOI:10.32743/26870142.2022.40.263.346645

РЕЧЕВЫЕ СТРАТЕГИИ В ИНТЕРНЕТ-ПРОСТРАНСТВЕ, ИХ ВИДЫ

Каденова Жаннат Токтомаматовна

канд. пед. наук, доц. Кыргызско-Узбекского Международного университета им. Б.Сыдыкова,

Кыргызская Республика, г. Ош

Шарабидин кызы Эльмара

магистрант Кыргызско-Узбекского Международного университета им. Б.Сыдыкова,

Кыргызская Республика, г. Ош

Мамарасул кызы Мадина

магистрант Кыргызско-Узбекского Международного университета им. Б.Сыдыкова,

Кыргызская Республика, г. Ош

 

SPEECH STRATEGIES IN THE INTERNET SPACE, THEIR TYPES

Zhannat Kadenova

Candidate of pedagogical sciences, Associate Professor of Kyrgyz-Uzbek International University named after B.Sydykov,

Kyrgyz Republic, Osh

Sharabidin kyzy Elmara

Master's student of Kyrgyz-Uzbek International University named after B.Sydykov,

Kyrgyz Republic, Osh

Mamarasul kyzy Madina

Master's student of Kyrgyz-Uzbek International University named after B.Sydykov,

Kyrgyz Republic, Osh

 

ИНТЕРНЕТ МЕЙКИНДИГИНДЕ БААРЛАШУУ СТРАТЕГИЯСЫ, АЛАРДЫН ТҮРЛӨРҮ

Каденова Жаннат Токтомаматовна

п.и.к., Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл Аралык университетинин доценти,

Кыргыз Республикасы, Ош шаары

Шарабидин кызы Эльмара

Б.Сыдыков атындагы КӨЭАУнун магистранты,

Кыргыз Республикасы, Ош шаары

Мамарасул кызы Мадина

Б.Сыдыков атындагы КӨЭАУнун магистранты,

Кыргыз Республикасы, Ош шаары

 

АННОТАЦИЯ

Целью статьи является выявление речевых стратегий в интернет-пространстве и их типов. Также было проанализировано влияние сетевого взаимодействия на его пользователей. Была предпринята попытка оценить влияние социальных, языковых, культурных и других последствий современной технологической революции на информационное общество с научной точки зрения на повседневную, нормальную жизнь. Были выявлены типы речевых стратегий в интернет-коммуникации и выделены их особенности.

ABSTRACT

The purpose of the article is to identify speech strategies in the Internet space and their types. The impact of network interaction on its users was also analyzed. An attempt was made to assess the impact of social, linguistic, cultural and other consequences of the modern technological revolution on the information society from a scientific point of view on every day, normal life. The types of speech strategies in Internet communication were identified and their features were highlighted.

АННОТАЦИЯ

Макаланын максаты интернет мейкиндигинде баарлашуу стратегиясы жана алардын түрлөрүн айкындоо болуп саналат. Ошондой эле тармактык байланыштын анын колдонуучуларына тийгизген таасири талданды. Маалыматтык коомго карай жүрүп жаткан заманбап технологиялык төңкөрүштүн социалдык, тилдик-маданий жана башка кесепеттеринин күнүмдүк, кадимки жашоого тийгизген таасирине илимий өңүттөн баа берүү аракети жасалды. Интернет байланышындагы сүйлөө стратегиясынын түрлөрү аныкталып, алардын өзгөчөлүктөрү белгиленди.

 

Ключевые слова: информационное общество, речевая стратегия, астротурфинг, кибербуллинг, троллинг, виртуальный мир, пространство.

Keywords: information society, speech strategy, astroturfing, cyberbullying, trolling, virtual world, space.

Ачкыч сөздөр: маалыматтык коом, сүйлөө стратегиясы, астротурфинг, кибербуллинг, троллинг, виртуалдык дүйнө, мейкиндик.

 

Учурда  дүйнө жүзүндө баарлашуунун көптөгөн каражаттары, формалары жана жолдору бар, алардын дээрлик көпчүлүгү заманбап техникалык мүмкүнчүлүктөр менен байланышып, глобалдык компьютердик интернет тармагын коомчулук тарабынан колдонуу басымдуулук кылат.

Интернеттин колдонуучуларга тийгизген таасиринин өзгөчөлүктөрү жетиштүү деңгээлде изилдене элек жана илимий таанымдык кызыкчылык туудурган бир нече көйгөйлөр бар. Алардын ичинен интернет аркылуу баарлашуунун өзгөчөлүктөрүн изилдөө маселеси учурдун зарыл талабы болуп саналат.

Белгилей кетчү жагдай, тармактык баарлашуу массалык байланыш шарттарында жүргүзүлөт, анткени дүйнө жүзү боюнча интернет колдонуучулар миллиондоп саналат арийне, баарлашуунун бул формасы жашоодогу салттуу түз байланыштан айырмаланып, өзүнүн өзгөчөлүктөрүнө ээ. Байланыштын салттуу механизмдерин колдонуу бүгүнкү күндө укмуштуудай тездикте жаңы технологиялар менен алмаштырылууда – SMS каттары, электрондук почта, Интернет аркылуу үн жана видеону жөнөтүү ж. б. Ж.Т.Каденова белгилегендей «дүйнө азыр аябай татаалдашты, цивилизация жалпы планетаны интернет желелери менен бир айылга айландырып салды. Кайсыл жерде эмне окуя болуп жаткандыгын маалымат булактары жана социалдык түйүндөр заматта ааламга кабарлап турат» [1].

Дүйнөдө маалыматтык коомго карай жүрүп жаткан заманбап технологиялык төңкөрүштүн социалдык, тилдик-маданий жана башка кесепеттери күнүмдүк, кадимки жашоо деңгээлинде пайда болгондо гана аңдалып, изилдене баштайт. Азыр интернет, сайт, социалдык тармак, e-mail, Google[1] ж.б. ушул сыяктуу түшүнүктөр жөнүндө укпаган адам араң эле кездешет. Интернет биздин мезгилдин – глобалдык байланыш коомунун символу болуп калды.

М.М. Самелюк белгилегендей, «Компьютер дүйнөсү абдан азгырыктуу, анын мүмкүнчүлүктөрү чексиз жана бардык колдонуучуларды арбап турат. Виртуалдык реалдуулук дүйнөсү болбосо деле адамзат жашоо кечире алат, бирок бул дүйнөнү бир эле жолу билген адам андан баш тартып, баштапкы жашоосуна баргысы келбейт» [2].

Интернет байланышы менен "тармактан тышкары" байланыштын негизги айырмачылыгы, анын эки "параллель" чыныгы жана виртуалдык дүйнөдө жүргүзүлгөндүгү менен мүнөздөлөт. Демек, анын жайгашуу орду бир жагынан физикалык, географиялык мейкиндик болуп саналып, анда маектештердин ар бири компьютердик электрондук тармактан тышкары ("чыныгы жашоодо"), ал эми экинчи жагынан виртуалдык чөйрө,  виртуалдык байланыш учурунда (алыскы маектеш менен байланышуу) баарлашуунун субъекттери жайгашкан когнитивдик-кептик жана менталдык (ирреалдуу) мейкиндик болуп эсептелет.

Мындан тышкары, интернет-байланыш печатталган электрондук текст түрүндөгү визуалдаштырууну камтыйт жана ошону менен анын когнитивдик-символикалык статусу тексттер менен алмашуу түрүндө жазууну жүзөгө ашырат.

Виртуалдуулукка мүнөздүү дагы бир типтүү алмаштыруу – бул коммуникативдик байланышты түздөн - түз имитациялоо: байланыш баарлашуунун катышуучулары тарабынан синхрондуу жана байланыш катары үлгүлөнгөндүгү диалогдук өз ара аракеттенүүдө (интернет форумдары, чаттар, блогдор) өзгөчө байкалат.

"Интернет-байланыш ар дайым бирдиктүү үч өлчөмдүү мейкиндиктеги "адамдардын жолугушуусу" катары эмес, монитордун жалпы экран мейкиндигиндеги "тексттердин жолугушуусу" катары жүрөт" [3; 32]. Интернетте баарлашканда, сүйлөшүүнүн катышуучулары бири-бирин көрүшпөйт, алардын өз ара аракеттенүү каражаты тигил же бул чатта, сүйлөшүүдө же социалдык тармакта жазган комментарий же текст болуп саналат.

 Чыныгы жана виртуалдык байланышты ишке ашыруу үчүн сүйлөө стратегиялары колдонулат.

Сүйлөө стратегиясы баарлашуунун конкреттүү шарттарына жана андагы катышуучулардын инсандарына жараша сүйлөө байланыш процессин пландаштырууну, ошондой эле ушул планды ишке ашырууну камтыйт. Башкача айтканда, сүйлөө стратегиясы – бул белгилүү бир коммуникативдик максатка жетүүгө багытталган сүйлөө иш-аракеттеринин жыйындысы [4; 34].

 Заманбап лингвистикалык изилдөөлөрдө ар кандай принциптерге негизделген кептик баарлашуу стратегиясынын түрдүү классификациясы бар.

Интернет байланышындагы сүйлөө стратегиясынын эки негизги түрүн аныктоого болот: кооперативдик жана кооперативдик эмес (чагымчыл) [5].

1. Кооперативдик сүйлөө стратегиялары. Бул түргө маалыматтык жана интерпретативдик мүнөздөгү диалогдор кирет (белгилүү бир маалыматты билдирүү, эки же андан көп адамдын ортосундагы байланыш).

2. Кооперативдик эмес (чагымчыл) сүйлөө стратегиялары кептик өз ара аракеттенүү нормаларын бузган диалогдук баарлашууну камтыйт (кептик конфликт, уруш-талаш ж.б.).

Кооперативдик сүйлөө стратегиялары байланышты шайкеш келтирүүгө багытталат. Бул стратегиялар конфликтүү аракеттерге карама-каршы келет, анткени алар компромисс, макулдашуу, өз ара пайдалуу чечимдерди издөөгө арналат. Конкреттүү кырдаалга жараша кооперативдик стратегиялар кооперативдик ниеттерди колдоо үчүн (кызматташтык кырдаалы), тирешүүнү жеңилдетүү (конфликт кырдаалы) же таасир этүүгө багытталбаган баарлашууда (бейтарап кырдаал) колдонулушу мүмкүн.

Интернеттеги коммуникациянын кооперативдик сүйлөө стратегиялары көптөгөн түрлөргө ээ, алардын негизгиси Н.Н. Кириллованын ою боюнча:

  1. Сылыктык, чын ыкластуулук жана ишеним. Коммуниканттар сылык-сыпаа жана урмат-сый менен баарлашышат жана бири-биринин сөздөрүнө ишенишет.
  2. Жакындык (ачык байланыш). Катышуучулар өз көз караштарын билдирүүгө болгон каалоосун жана жөндөмүн, ошондой эле маектештердин позициясын эске алууга даярдыгын көрсөтүшөт.
  3. Тандоодон баш тартуу. Коммуниканттар маектештин пайдасына чечим кабыл алуу демилгесинен баш тартышат.
  4. Четтетүү. Катышуучулар маектештер менен баарлашууда токтоолукту, өз оюн таңулоодон тышкары экендигин көрсөтүшөт.
  5. Компромисс. Коммуниканттар маектештин позициясын кабыл алуу аркылуу келишпестиктерди ич ара түшүнүү менен жөнгө салышат.
  6. Кызматташуу. Катышуучулар биргеликте бардык тараптардын кызыкчылыктарын канааттандырган чечимдерди кабыл алышат, бул үчүн ар кандай көз караштарды бириктирип, маектештердин ой-пикирлерин жакындаштыруу зарыл [6; 28-36].

Өз кезегинде, кооперативдик эмес (чагымчыл) сүйлөө стратегиялары маектеш өз ыктыяры менен билдиргиси келбеген маалыматты алууга же анын эмоционалдык абалын туруксуздаштырууга багытталган. Е. Н. Зарецкая ырастагандай, бул көбүнчө комплекстүү - белгилүү бир сүйлөө жана тил каражаттарын аң-сезимдүү тандоо аркылуу жүргүзүлөт [7: 115].

Социалдык-психологиялык кубулуш катары, кооперативдик эмес (чагымчыл) онлайн байланыш стратегиялары девиация таризинде каралат жана көптөгөн түрлөрү бар, алардын негизгилери:

1. Астротурфинг интернет форумдарында татаал программалык камсыздоону колдонот (боттор, бир нече фейк аккаунттар, жашыруун жарнама мүнөзүндөгү орнотулган баннерлер ж.б.). Алар жасалма жол менен жаралган,  таңууланган "коомдук пикирди" өз пайдасына чегерүү максатында виртуалдык аудиториянын пикирине системалаштырылган, уюштурулган таасир көрсөтүшөт. Тактап айтканды, коомдук пикирди жасалма башкаруу үчүн заманбап программалык камсыздоону же атайын жалданган акы төлөнүүчү колдонуучуларды колдонуу.

2. Кибербуллинг (Киберкуугунтук) - жабырлануучуга карата бир нече жолу кайталанган жана узак убакытка созулган байланыштын электрондук формаларын колдонуу менен адамдардын тобу же бир адам тарабынан жасалган агрессивдүү атайылап жасалган иш-аракет. Башка сөз менен интернет технологияларын, компьютер, гаджеттерди жана башка электрондук шаймандарды колдонуу менен бирөөгө максаттуу жана кайталануучу зыян келтирүү.

3. Троллинг - чыр-чатакты жаратуу максатында, интернет колдонуучуларынын байланыш форумдарына адепсиз мазмундагы чагымчыл билдирүүлөрдү жазуу же маектеште ачуулануу жана эмоционалдык тынчсыздануу сезимин козгоого багытталган иш-аракеттердин комплекси. Анын кесепети менен депрессияга кабылуу, кемсинүү жана суициддик ойлордун жаралышы толук ыктымал.

Бүгүнкү күндө троллинг, чагымчыл байланыш стратегиясынын негизги түрү катары, интернет байланышына толук терс таасирин тийгизет деп ишенимдүү айтууга болот, анткени интернет тармагынын ар бир колдонуучусу тармактык агрессорлордун кол салуусуна дуушар болушу мүмкүн. Бул кырдаалда троллдун "курмандыгынын" кыжырдануу, жек көрүү сезими адамдардын виртуалдуу жашоодон тышкаркы реалдуу жашоосунда өз ара мамилени бузган талаш, чыр-чатакка айлануусу чоң коркунуч болуп эсептелет.

Эгерде сүйлөө стратегиясын коммуниканттын жалпы коммуникативдик милдетин чечүүгө багытталган кептик иш-аракеттеринин жыйындысы катары карасак, анда стратегияны ишке ашырууга көмөктөшкөн бир же бир нече иш-аракеттер сүйлөө тактикасы катары мүнөздөлөт.

Баарлашуу тактикасы тигил же бул стратегиянын алкагында диалог түзүү үчүн коммуниканттардын сүйлөө жөндөмүн динамикалык колдонуусу катары аныкталат [8: 35].

Тигил же бул сүйлөө тактикасын тандоо төмөнкү негизги жагдайлардан көз каранды:

1. Коммуникативдик кырдаал жөнүндө жалпы билим (белгилүү бир сүйлөө актысынын ылайыктуулугу / орунсуз болушу);

2. Маектеш жөнүндө билим (жеке адам жана өнөктөш катары).

Кооперативдик сүйлөө тактикасы катары төмөнкүлөрдү белгилөөгө болот:

- Кечирим суроо, мүмкүн болгон чыр-чатакты тараптардын биринин кечирим суроосу аркылуу чечүүнү болжолдойт;

- Түшүндүрүү, баарлашуунун катышуучулары башка коммуниканттарга түшүнүктүү болушу үчүн фактыларды, окуяларды ж. б. баяндоого аракет кылышат;

- Боорукердик, маектештер баарлашууда башка коммуниканттар башынан өткөргөн ошол эле эмоционалдык абалды башынан кечиришет;

- Өзүн-өзү презентациялоо, маектештердин көз алдында белгилүү (позитивдүү) образды жаратууга багытталган аракет;

- Ассертивдик, маектештердин ортосунда конструктивдүү (жемиштүү) диалог жүргүзүүнү болжолдойт;

- Мактоо, катышуучулар маектешти сүйлөшүүгө ыңгайлаштыруу үчүн алкоо, мактоо сөздөрдү айтышат.

Чагымчыл (провокативдик) сүйлөө тактикасы катары төмөнкүлөрдү белгилөөгө болот, алар: маалыматты чыгаруу тактикасы (максаты – маалымат алуу) жана өнөктөштүн эмоционалдык абалын туруксуздаштыруу (максаты – маектешти ачуулантуу) [4: 88].

Маалыматты  чыгаруу тактикасы төмөнкүлөрдү камтыйт:

- Теманы жетектөө, анын алкагында маектин катышуучулары баарлашуунун темасын чагымчыл баарлашууну баштоого ыктуу темага өзгөртүшөт;

- Байланыштарды жана мамилелерди куруу, жалган окшоштуктун негизинде коммуникант тигил же бул түшүнүктөрдү, темаларды бириктирүүгө аракет кылат, бул өз кезегинде берилген тема боюнча конкреттүү суроолорду берүүгө багытталат;

Айыптоо аркылуу мажбурлоо же эрежесиз оюн, анын алкагында билдирүүдө камтылган айыптоо маектешинен актанууну же түшүндүрмө берүүнү талап кылат;

- Ушактарга даттануу, анда маектеш ишенимсиз маалымат булагын ишенимдүү булак менен алмаштырууну көздөйт;

- Ушул эле аталыштагы кооперативдик сүйлөө стратегиясынан айырмаланган мактоо тактикасы, бул учурда маектешинин дарегине айтылган кошоматчы, чын ыкластан айтылбаган алкоо, мактоо сыяктуу жагымдуу сөздөрү керектүү маалыматты алуу ыкмасы катары колдонулат.

Өнөктөштүн эмоционалдык абалын туруксуздаштыруу тактикасына төмөнкүлөр кирет:

- Түздөн-түз жана кыйыр айыптоо, ал маектештин акыл-эс, адеп-ахлактык, кесиптик жана физикалык сапаттарын же анын инсандыгын, аракеттерин терс мүнөздөө болуп эсептелет;

- Башка бирөөнүн оозу менен айыптоо, бул учурда маектешти айыптоо кыйыр мүнөзгө ээ, анткени ал үчүнчү жак тарабынан анын иш-аракеттерине терс баа берүү жөнүндө гана билдирүүдөн турат. Ошону менен сүйлөгөн адам айтылган сөз үчүн жоопкерчилик тартпайт;

- Ишенбөөчүлүктү туюнтуу, анын алкагында коммуникант маектешинин сөздөрүнүн ишенимдүүлүгүнө күмөн санайт;

- Шылдыңдоо, маектештин сөздөрүн жана иш-аракеттерин шакабалуу кабыл алуу.

Жалпылап айтканда, интернет-коммуникацияда колдонулган сүйлөө стратегиялары баарлашууну шайкеш келтирүүгө багытталган кооперативдик жана оозеки өз ара аракеттенүү нормаларын бузган чагымчыл (провокативдик) болуп эки түргө бөлүнөт.

Интернет байланышы бул чыныгы баарлашуудан айырмаланган өзгөчө, адамдардын өз ара аракеттенүүсүнүн бир түрү болгондуктан интернет мейкиндигинде баарлашуу үчүн сүйлөө стратегияларын жана тактикаларын туура тандап, колдоно билүү зор мааниге ээ. Интернеттеги баарлашуунун стратегияларын жана тактикаларын туура тандоо эки же андан көп маектештердин ийгиликтүү жана жемиштүү байланышынын ачкычы болуп саналат.

 

Колдонулган адабияттар:

  1. Каденова Ж. Т. Педагогические функции народной традиционной культуры в глобальном мире. ОГСУ. М.: Науч. изд-во «Институт стратегических исследований», 2017. https://www.herzen.spb.ru/uploads/etuzhikova/files
  2. Самелюк, М.М. Интернет-досуг в контексте трансформации социального времени [Текст]: дис канд. социолог. наук / М.М. Самелюк. – М., 2006. – 164 с.
  3. Трофимова, Г.Н. Языковой вкус интернет-эпохи в России (функционирование русского языка в интернете: концептуально-сущностные доминанты) [Электронный ресурс] / Г.Н. Трофимова.
  4. Иссерс, О.С. Коммуникативные стратегии и тактики русской речи [Текст] / О.С. Иссерс. – М.: Издательство ЛКИ, 2008. – 288 с.
  5. Борисова, И.Н. Русский разговорный диалог: структура и динамика [Текст] / И.Н. Борисова. – Екатеринбург, 2002. – С. 245-261.
  6. Каденова, Ж.Т. Педагогические функции народной традиционной культуры в глобальном мире [Электронный ресурс]. - Москва, 2017 - №2. - Режим доступа: https://cyberleninka.ru/article/n/pedagogicheskie-funktsii-narodnoy-traditsionnoy-kultury-v-globalnom-mire
  7. Каденова Ж. Т. Понятие народной педагогики в рождении баатыра // Известия Кыргызской академии образования. - Бишкек: Кыргызская Академия Образования, 2017. № 1 (41). - С. 92-96.  
  8. Каденова, Ж.Т. Билимге жана чыгармачылыкка карай изденүү башаты [Текст] / Ж.Т. Каденова // Наука. Образование. Техника. - Ош: КУУ, 2014. - № 3.- С.17 - 22.
  9. Каденова, Ж.Т. «Манас» эпосунда бала манастын инсан, патриот катары калыптанышында элдик тарбия салттарынын ролу [Текст] / Ж.Т. Каденова. педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациянын авторефераты – Бишкек, 2018. – 28 с
 

[1] по требованию Роскомнадзора информируем, что иностранное лицо, владеющее информационными ресурсами Google, является нарушителем законодательства Российской Федерации – прим.ред.